Кара-Балта – Чалдыбар жолун оңдоо иштери тездетилет

Коом Загрузка... 27 Март 2026 11:45
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.59.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кара-Балта – Чалдыбар унаа жолун реконструкциялоо долбоорун талкуулашты.

Долбоор эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

658137021_1252684660373611_4053824282322668948_n

Катышуучулар долбоордун учурдагы абалын, аны натыйжалуу координациялоо жана ийгиликтүү ишке ашыруунун конкреттүү кадамдарын карап чыгышты.

Европалык өнөктөштөр Кыргызстандын туруктуу жана коопсуз транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантуу жана аталган жолду жаңылоо боюнча биргелешкен иштерди тездетүү тууралуу макулдашты.

653799669_1252684707040273_7899745526298133606_n