Кар жаап, жолдор тайгак болот. 7-9-март күндөрү күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 06 Март 2025 17:19
WhatsApp Image 2025-01-29 at 14.20.30.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Эртең 7-мартта синоптиктордин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы 0°С төмөн түшүп, жолдор тайгак болушу мүмкүн.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришкендей, мындан улам айдоочуларга айдоо ылдамдыгын кыскартып, унаалар арасында аралыкты сактоону, ашып өтүү сыяктуу маневрлардан качууну, жол шарттарынын начарлашына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн түнкүсүн унаа менен жүрүүнү чектөө жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдордо өзгөчө этият болууну сунуштайт.