Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Чектөөнү эске албай, ашыкча жүк жүктөп асфальт жолго чыккан айдоочуларга айып салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майдан 1-июлга чейин өлкө аймагындагы транспорттук көзөмөл пункттарында 35 миң 259 жүк ташуучу унаанын кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, токтотулду.
Ал эми "жылуулук режимин" аткарбай, талапка баш ийбеген 141 айдоочуга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жалпы 2 млн 450 миң сом айып пул салынды.
Белгилей кетсек, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат. Бул чектөө:
- жүргүнчү ташыган;
- гуманитардык жардамды ташыган;
- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;
- берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
- жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана мобилдик топтор аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.