Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Алдыдагы күндөрү айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-29-март күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы орун алып, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилеп, кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.