"Азаттык аренанын" курулушу качан бүтөрү айтылды

Коом Загрузка... 19 Ноябрь 2025 18:29
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы стадион "Азаттык аренанын" курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал объектте аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерди.

Туманбаевдин айтымында, курулуш бекитилген графикке ылайык жакшы темп менен жүрүүдө.

"Учурда бетон иштеринин 80 пайызы бүткөн, калган бөлүгү 10-декабрга чейин толук аяктайт. Андан кийин стадиондун конструкцияларын монтаждоо иши башталып, бул этап 15-февралга чейин жыйынтыкталат", - деди.

Туманбаев белгилегендей, стадиондо инженердик тармактар, жасалгалоо иштери, ички жана тышкы инфраструктура иштери бирдикте жүрүп жатат. Бардык негизги багыттар бир убакта аткарылып, эч кандай кечеңдетүүлөр жок.

"Стадиондун курамында 40 миң чарчы метр соода аянты каралган. Бул жерге дүйнөлүк бренддер жайгашат, мындай формат көп өлкөлөрдүн ареналарында да кездешпейт", - деди Туманбаев долбоордун өзгөчөлүгүн баса белгилеп жатып.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Каныбек Туманбаев жаңы "Азаттык арена" стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин толугу менен даяр болорун билдирди.