Досмамбетов Москвадагы кыргыз дарыгерлерин мекенге кайтууга чакырды

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Москвага болгон жасаган иш сапарынын алкагында Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушуу Кыргызстандын элчилигинде өтүп, Москва шаарында саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын мекендеш дарыгерлер катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — кыргызстандык медициналык кадрлардын мекенине кайтып келүүсү, ошондой эле алардын Кыргызстандагы саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо болду.

Диалогдун жүрүшүндө министр тармакта жүргүзүлүп жаткан учурдагы реформалар, медициналык уюмдарды модернизациялоо, эмгек акыны жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана медицина кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Социалдык колдоо, кесиптик өсүү жана жаш адистер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун алкагында дарыгерлер чет өлкөдө иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда жумушка орношуу, адаптация жана карьералык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу сунуштарын жана суроолорун айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар жаш адистер Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдарында кесиптик ишмердүүлүгүн улантуу үчүн мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти.

"Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы квалификациялуу, мотивациясы жогору жана өз кесибине берилген адистерге муктаж. Мамлекет биздин дарыгерлер менен медицина кызматкерлеринин мекенине кайтып келип, кесиптик жактан өнүгүп, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошуусуна кызыкдар. Министрлик өз тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүп, иштөө жана жашоо үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө даяр", - деди министр.