Канн-2026: Кыргыз тасмалары Францияда көрсөтүлдү

Маданият 28 Май 2026 10:15
707561405_1285771310381289_6961058632572414039_n.jpg
705402561_1285771313714622_8608676453326098104_n.jpg
707137716_1285771427047944_7231401895320639530_n.jpg
707210943_1285771417047945_1194758254115925997_n.jpg
707433961_1285771353714618_4566602653012886802_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Кыргыз делегациясы Францияда өткөн 79-Канн эл аралык кинофестивалынын алкагындагы Marché du Film кинорыногуна катышып, "Kyrgyzcinema" улуттук стендин сунуштады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, быйыл кыргыз стенди дүйнөдөгү эң ири кинорынокто бешинчи жолу көрсөтүлдү. Улуттук аянтчада кыргыз киноиндустриясынын заманбап долбоорлору, тасмалары жана эл аралык кинофорумдары тааныштырылды.

Кинорыноктун алкагында эл аралык кызматташтык, копродукция жана Борбор Азия киносун дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. Ошондой эле Cannes Docs платформасына "UmutDoc" фестивалы катышып, Борбор Азиядан сунушталган жалгыз документалдык кинофестиваль болду.

Эл аралык аудиторияга "Кара, кызыл, сары", "Буйрук", "Шерменделик карнавалы" жана "Мерген" тасмалары көрсөтүлдү.

Marché du Film 2026дагы катышуу кыргыз жана Борбор Азия киносуна болгон эл аралык кызыгуунун өсүп жатканын тастыктады.