Каникулду кантип пайдалуу өткөрүү керек? Үй-бүлө үчүн маанилүү кеңештер

Коом Загрузка... 08 Январь 2026 13:47
two-toy-little-man-made-snowman-snow_116441-4554.avif
copyright icon WWW

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору Жаңы жылдык каникулдарды үй-бүлө менен ден соолукка пайдалуу өткөрүүнү сунуштайт.

Узак эс алуу - үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүп, пайдалуу адаттарды калыптандыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бүт үй-бүлө үчүн пайдалуу идеялар:

  • таза абада чогуу сейилдөө;
  • үйдө же короодо активдүү оюндарды ойноо;
  • ашыкча тамактануудан алыс болуп, жөнөкөй жана пайдалуу үй тамактарын бирге даярдоо;
  • айрыкча балдар үчүн уйку режимин сактоо (күнүнө кеминде 8–9 саат);
  • гаджеттерди азайтып, жандуу баарлашууга көбүрөөк көңүл буруу. Үстөл оюндары менен ойноого болот.

Ден соолукка кам көрүү майда кадамдардан жана үй-бүлөлүк салттардан башталат.