Канат Сагынбаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом Загрузка... 26 Май 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын, мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына тиешелүү болгон эң актуалдуу маселелер талкууланды. Алсак, тараптар төмөнкүдөй маанилүү темаларды ортого салышты:

  • Кыргызстандын жарандарынын Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу тартиби;
  • Мекендештердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россиянын милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) тутумуна кошулуу мүмкүнчүлүгү;
  • Чет өлкөгө чыгар алдындагы даярдыктар жана жарандарды кайра Кыргызстанда ишке орноштуруу маселеси.

Канат Сагынбаев жолугушуунун катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Ошондой эле ал көтөрүлгөн маселелердин бардыгы көңүл сыртында калбай турганын жана аларды чечүү жолдорун россиялык кесиптештери менен биргеликте мындан ары да терең иштеп чыгуу үчүн өзгөчө көзөмөлгө алганын баса белгиледи.