Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Республика боюнча ОСАГО камсыздандыруу полиси жана милдеттүү түрдө турак жайды камсыздоо боюнча камсыздандыруу уюмунун төлөмү 90 млн сомго жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын улук комиссары Кангелди Батырбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, республикада милдеттүү түрдө авто жарандык жоопкерчилигин камсыздоо боюнча унаалардын дээрлик 40 пайыздан ашыгы камсыздандырылган.
“Калгандары айыл жергесинде же белгисиз бир себептер менен камсыздандыруу полистерин алыша элек. Мисалы, физикалык жактарга жол коопсуздугун камсыздоо адистери тарабынан жигердүү түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Камсыздандыруу полиси жок жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат.
Ал эми турак жай боюнча бүгүнкү күндө үйдү алып-сатуу учурунда милдетүү түрдө камсыздандыруу жүрүп жатат. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында турак жайларды камсыздоо жүрүп жатат”,- деди Батырбеков.
Ошондой эле биринчи, экинчи топтогу майыптыгы бар жарандар турак жайдын ээси болсо жеңилдик катары камсыздоо бекер болоору кошумчаланды.