Камсыздандыруу – мамлекеттин жарандарга көрсөткөн социалдык колдоосунун бир түрү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 19:55
WhatsApp Image 2026-06-25 at 17.28.34.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Камсыздандыруу – мамлекеттин жарандарга көрсөткөн социалдык колдоосунун бир түрү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктар көбөйүп, сел, жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдар улам-улам катталууда. Бишкек шаары да мындай коркунучтардан толугу менен коопсуз деп айтууга болбойт.

“Кыш мезгилинде жылытуучу жабдуулар, жайкысын кондиционерлер кеңири колдонулат. Мунун кесепетинен электр тармактарына күч келип, кыска туташуулардан улам өрт кырсыктары катталууда. Мындай учурларда камсыздандыруу полиси бар жарандарга биздин уюм тарабынан жума сайын камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлүп келет”, - деди ал.

Кудайбергенов белгилегендей, мурда табигый кырсыктардан жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ссуда берилчү. Азыр мындай жардам көрсөтүү механизминин ордуна мамлекеттик камсыздандыруу системасы иштеп жатат.

“Бул — мамлекеттин жарандарына көрсөткөн социалдык колдоосунун бир түрү. Ошондуктан камсыздандыруу полисинин баасы да жеткиликтүү. Шаар жергесиндеги турак жайды камсыздандыруу жылына 1200 сом, ал эми айыл жеринде 600 сомду түзөт. Эгер камсыздандыруу учуру келип чыкса, жарандар 1 млн сомго чейин камсыздандыруу төлөмүн ала алышат. Бул жоопкерчиликти камсыздандыруу компаниясы өз мойнуна алат”, - деди директор.

Ал жарандарды өздөрүнүн турак жайларын, унааларын жана жарандык жоопкерчилигин алдын ала камсыздандырууга чакырды.