2016-жылдан бери “Турак жайларды өрт жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүндө. Ага ылайык, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу ишин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзөт.
Жаз алды менен өзгөчө өлкөнүн аймактарында кар эрип, жаан-чачын көбөйүп, сел, жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучу жогорулайт. Мындай учурда турак жайларды камсыздандыруу жарандар үчүн олуттуу коргоо механизми болуп саналат.
Уюмдун жаз алдындагы түшүндүрүү иштери
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз катчысы Ильич Кулназаров жаз мезгили жакындап калгандыктан, уюм тарабынан бул мезгилге карата тынымсыз маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп баштаганын айтат.
Ал белгилегендей, мындай түшүндүрүү иштери калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана аймактардагы турак жайларды алдын ала камсыздандырууну көбөйтүүгө багытталган. Анткени, калың кар, сел жана жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктарын кесепетинен коргонуу үчүн алдын алуу чаралары маанилүү.

“Биздин негизги максат - кырсык болгондо жарандардын материалдык чыгымын азайтуу жана мамлекет кепилдеген камсыздандыруу коргоосун камсыз кылуу.
Азыр аймактарда калкка түшүндүрүү иштери күчөтүлдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жыйындарды жана жолугушууларды өткөрүп, турак жайды камсыздандыруунун пайдасы тууралуу маалымат берип жатышат.
Кооптуу аймактарда жашаган жарандарга өзгөчө көңүл бурулуп, камсыздандыруу келишимин түзүү тартиби боюнча кеңештер берилүүдө”,-деди ал.
Сел, суу каптоо, жер көчкү тобокелчилиги жогору аймак
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад облусундагы филиалынын директору Марат Осмонкожо уулунун айтымында, учурда Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондоруна кар калың жаагандыктан, көпчүлүк тургундардын турак жайларынын чатырлары зыянга учураган.
“Учурда камсыздандырылган үйлөргө тиешелүү каражаттар төлөнүп берилип жатат. Ошол эле маалда тургундарга түшүндүрүү, маалымат берүү жана үгүттөө иштери да жүргүзүлүүдө. Биз аларга үйүн камсыздандырып, төлөм алып жаткан үй-бүлөлөрдү мисал келтирип жатабыз.
Жылдын жыйынтыгы менен биздин облустун камсыздандыруу көрсөткүчү 40%га чейин жетип, алдыга чыктык”,-деди ал.

Жарандарга 2 айда 3 млн сом төлөнүп берилген
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча 2025–2026-жылдар аралыгында жарандарга төмөндөгүдөй санда төлөмдөр:
2026-жылдын 1-февралына карата турак жайы жабыркаган 10 жаранга жалпы 3 млн 206 миң 660 сом төлөнгөн.
2025-жылдын 31-декабрына карата – 247 жаранга жалпы 31 млн 878 миң сом төлөнүп берилген.
Ар бир камсыздандыруу окуясы мыйзам талаптарына ылайык каралып, документтери такталган соң төлөмдөр өз убагында жүргүзүлөт.

Жоопкерчилик жогорулап жатат
2025-жылдын 31-декабрына карата республика боюнча 357 миң 480 турак жай боюнча камсыздандыруу келишими түзүлгөн.
Бул көрсөткүчтөр жарандардын турак жайды милдеттүү камсыздандырууга болгон кызыгуусу жана жоопкерчилиги жылдан-жылга өсүп жатканын айгинелейт.
- Айыл жергесинде – жылына 600 сом;
- Шаар аймагында – жылына 1200 сом.
Бул сумма бир жылдык камсыздандыруу үчүн төлөнөт жана табигый кырсыктардан (сел, жер көчкү, өрт, шамал ж.б.) келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган.
Турак жайдын кайсы түрүн камсыздандырууга болот?
Жеке турак жайларды жана батирлерди же кыймылсыз мүлк катары катталган турак жайдын бардык түрлөрүн камсыздандырса болот:

- Жеке турак үй;
- Турак жайдын бир бөлүгү;
- Көп кабаттуу үйдөгү батир;
- Коммуналдык батир;
- Коммуналдык батирдеги бөлмө;
- Атайын турак жай фондуна караштуу үйдүн бир бөлмөсү;
- Мейманкана;
- Мейманкана тибиндеги турак үй.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму турак жайды өз убагында камсыздандырууга чакырат
Турак жайды алдын ала камсыздандыруу – бул чыгым эмес, коргонуу механизми;
Кырсык болгондон кийин эмес, алдын ала келишим түзүңүз;
Камсыздандыруу полисин мыйзамдуу жана расмий тартипте алыңыз;
Табигый кырсыктарга даярдык чараларын көрүңүз (дренаж, коопсуз курулуш, кооптуу тилкелерди эске алуу).