Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу мамлекет тарабынан толук камсыздаларын билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда.
"Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат”, - деп белгиледи Күзөт кызматынын башчысы.