Камчыбек Ташиев "Бек-Абад" чек ара пунктун күтүүсүз текшерди

Коом Жүктөлүүдө... 01 Январь 2026 15:00
FB_IMG_1767257701588.jpg
FB_IMG_1767257693209.jpg
FB_IMG_1767257695639.jpg
FB_IMG_1767257698068.jpg
FB_IMG_1767257703306.jpg
FB_IMG_1767257705718.jpg
FB_IMG_1767257707897.jpg
FB_IMG_1767257709574.jpg
FB_IMG_1767257711559.jpg
FB_IMG_1767257713596.jpg
FB_IMG_1767257719263.jpg
FB_IMG_1767257764596.jpg
FB_IMG_1767257762034.jpg
FB_IMG_1767257716470.jpg
FB_IMG_1767257767239.jpg
FB_IMG_1767257768905.jpg
FB_IMG_1767257770830.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767257701588.jpg
FB_IMG_1767257693209.jpg
FB_IMG_1767257695639.jpg
FB_IMG_1767257698068.jpg
FB_IMG_1767257703306.jpg
FB_IMG_1767257705718.jpg
FB_IMG_1767257707897.jpg
FB_IMG_1767257709574.jpg
FB_IMG_1767257711559.jpg
FB_IMG_1767257713596.jpg
FB_IMG_1767257719263.jpg
FB_IMG_1767257764596.jpg
FB_IMG_1767257762034.jpg
FB_IMG_1767257716470.jpg
FB_IMG_1767257767239.jpg
FB_IMG_1767257768905.jpg
FB_IMG_1767257770830.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда жайгашкан "Бек-Абад" чек ара өткөрмө пунктуна күтүүсүз иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Атайын кызматтын төрагасы өткөрмө пунктунун аймагын иретке келтирип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана жашылдандыруу зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге ал чек арадан өтүү учурунда жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, узун кезектердин пайда болушуна жол бербөө, кызматкерлердин ыкчам жана так иштөөсүн камсыз кылуу керектигин баса белгиледи.

Иш сапардын алкагында ал чек арада нөөмөттө турган аскер кызматкерлери менен жолугуп, алардын кызмат өтөө шарттары жана чек араны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери менен жеринен таанышты.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берди.