Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Камчаткада вулкандардын активдүүлүгүнө байланыштуу "Камчатка авиация ишканасынын" аба каттамдары өзгөртүлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, эгер мурда Петропавловск-Камчатск аймагынан Тиличики айылына учуп баратканда учак Камчатканын чыгыш жээги аркылуу учуп келсе, азыр учак адегенде батыш жээкти көздөй багыт алып, андан кийин Тиличикиге бурула тургандай кылып түзүлгөн.
Бирок, учуу убакыты өзгөрүлгөн эмес.
Учурда Камчаткада жети активдүү вулкан бар, алардын эң чоңу Ключевской. Ал 31-июлга караган түнү күчү 8,8 баллга жеткен катуу жер титирөөдөн кийин атыла баштаган.