Камбар-Ата-2 ГЭСинде II гидроагрегатты орнотууга даярдыктар активдүү уланууда

Коом 14 Январь 2026 10:35
615883764_872010495423927_2741059788031294093_n.jpg
615563885_872010425423934_8357363436016075881_n.jpg
615832468_872010412090602_328084344036094672_n.jpg
616152636_872010555423921_6992258518833074916_n.jpg
616224510_872010572090586_402950357650973591_n.jpg
616224824_872010538757256_7761424081213082896_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө максатында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү долбоору активдүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, эл аралык Fichtner GmbH & Co. KG консалтингдик компаниясы техникалык коштоо жана инженердик көзөмөл жүргүзүүнү камсыздоодо.

Эл аралык тендерлердин жыйынтыгында иштин бардык багыттары боюнча подрядчылар тандалып алынган:

  • №1 жана №2 лоттор боюнча — DEC–SM консорциуму (Кытай/ Корея);
  • №3 лот боюнча — Sinohydro Bureau 16 компаниясы (Кытай).

Учурда курулуш аянтчалары даярдалып, жумушчулар үчүн кеңсе жана турак жай имараттарынын пайдубалы куюлду. Ошондой эле №2 гидроагрегаттын суу өткөргүчү жана №1 агрегаттын компенсатору текшерүүдөн өттү. Негизги курулуш-монтаждоо иштерине өтүү үчүн даярдыктар башталды.

"Бул долбоор Нарын дарыясынын потенциалын натыйжалуу колдонууга, электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүүгө жана кышкы мезгилдеги тартыштыкты азайтууга шарт түзөт. "Электр станциялар" ААК иштин графигин туруктуу көзөмөлдөп жатат", - деп айтылат маалыматта.