Камбар-Ата-1 ГЭСи: Коопсуздук жана техникалык чечимдер талкууланды

Коом 24 Апрель 2026 10:50
5429536659214112441.jpg
5429536659214112440.jpg
5429536659214112439.jpg
5429536659214112438.jpg
5429536659214112437.jpg
5429536659214112436.jpg
5429536659214112435.jpg
Алдыга
Артка
5429536659214112441.jpg
5429536659214112440.jpg
5429536659214112439.jpg
5429536659214112438.jpg
5429536659214112437.jpg
5429536659214112436.jpg
5429536659214112435.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бишкекте "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору боюнча илимий коомчулуктун, энергетика тармагынын ардагерлеринин жана эл аралык эксперттердин катышуусунда кеңейтилген коомдук талкуу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Талкуунун жүрүшүндө Швейцариянын AFRY консалтинг компаниясы жаңыланган техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) сунуштады. Долбоордо курулуш аймагынын геологиялык жана сейсмикалык өзгөчөлүктөрүнө дыкат изилдөө сыяктуу маанилүү жагдайларга өзгөчө көңүл бурулган.

Ошондой эле бардык гидротехникалык чечимдер дүйнөлүк талаптарга толук шайкеш келери, суу сактагычтын көлөмү жана ГЭСтин кубаттуулугу максималдуу натыйжа берүүгө багытталганы айтылды.

Иш-чаранын катышуучулары мындай ачык талкуулар ири инвестициялык долбоорлорго болгон элдин ишенимин бекемдөөгө жана маалыматтын тактыгын камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгилешти. Камбар-Ата-1 ГЭСинин ар бир кадамы адистердин жана илимий чөйрөнүн катуу көзөмөлүндө болору айтылды.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, тажрыйбалуу энергетиктер жана "Гидропроект" институтунун жетекчилиги катышты. Адистер аймактын экологиялык факторлорун жана объекттин узак мөөнөттүү ишенимдүүлүгүн эске алуу зарылдыгын белгилешти.