Калыс-Ордодо жаңы мектеп: 2000 окуучуга шарт түзүлөт

Коом 18 май 2026 13:10
701286687_1489179479347763_4129227039037841815_n (1).jpg
701874486_1489179486014429_2618882208615180934_n.jpg
700642524_1489179596014418_8760258326050470823_n.jpg
701123349_1489179519347759_2521677110693517885_n.jpg
702831148_1489179526014425_2937199083443092958_n.jpg
700453787_1489179586014419_4980165194711786443_n.jpg
700581883_1489179539347757_1954459392265991650_n.jpg
700439475_1489179546014423_4395487631097939261_n.jpg
701286687_1489179479347763_4129227039037841815_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 939 орундуу кошумча корпус салынууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, мамлекеттик казынадан каржыланууда.

Долбоор боюнча жалпы аянты 2540 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп курулат. Анда заманбап окуу класстары, китепкана, ашкана, лаборатория, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт зал каралган. Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулууда.

Бүгүнкү күндө ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу иштеп жаткан мектепте 4385 окуучу билим алып, орун тартыштыгы жаралган.

"Жаңы мектеп пайдаланууга берилсе, эки нөөмөт менен 2000ге жакын окуучуга билим алууга шарт түзүлөт",-деп айтылат маалыматта.