Калыйча Акматова менен Уланмырза Карыпбаевге «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды

Аймак Загрузка... 10 Февраль 2025 11:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун коомдук-саясий турмушуна кошкон зор салымдары үчүн КР эл артисти, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисти Калыйча Акматовага жана Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, таланттуу режиссер Уланмырза Карыпбаевге «Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, наамды ыйгаруу аземи бүгүн, 10-февралда Каракол шаарында өтүп, сыйлыктарды Ысык-Көл облусунун башчысы Бактыбек Жетигеновдун атынан анын орун басары Айнура Султанбаева тапшырды.

Бул жогорку сыйлык – алардын чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүгүнүн жогорку бааланышы болуп саналат. Калыйча Акматова узак жылдар бою кыргыз сахна өнөрүнө зор салым кошуп, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын өсүп-өнүгүшүнө чоң эмгек сиңирген. Ал эми Уланмырза Карыпбаев театр жана кино жаатындагы алдыңкы режиссерлордун бири болуп, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп келет.