Калың кардан улам Чаткалда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2026 12:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Калың карга байланыштуу Чаткал районунун аймагында II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралдан тарта жаап жаткан кардын кесепетинен Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунда кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.

Учурда жолдорду кардан тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.

Райондогу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, айрым айылдарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Абалды президенттин өкүлү Тилек Текебаев көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.