Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампа ачты. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул кампаларда көмүр базардан арзан баада сатылат.
“Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом. Ал эми ар бир облуста, аймакта өзүнчө баалар коюлган. Быйыл, 2025-жылдын башынан бери “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдүк. Азыр ушул көмүрдү өзүбүздүн кардарларга берип жатабыз.
Негизи кышка даярдык кар жааганда эле башталбайт, ал эч качан токтобогон процесс. 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө өкмөттүн токтому май айында кабыл алынган. Ал жерде “Кыргызкөмүр” ишканасынан тышкары министрлер кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, “Кыргыз темир жолу”, ЖЭБ жана башка ишканаларга тиешелүү пландар иштелип чыгып, ар бирине өзүнүн тапшырмалары дайындалган. Бардыгы биригип кышка даярдык иштерин жүргүзүп келишти”, - деди Садыралиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 48-50 ар кандай көмүр казган ишканалар болсо, алардын бири “Кыргызкөмүр” ААКсы.
Кара-Кече кенинен казып алынган көмүр менен бүгүнкү күндө Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары жана Бишкек шаары, андан тышкары Токтогул, Суусамырдан Таласка чейин камсыздалууда.