Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бүгүн №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алдыдагы шайлоо кайра өткөрүлүп жаткандыктан жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 9-февралдан 28-февралы, саат 08:00гө чейин.
Учурда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 25 талапкер катталды, алардын 15 - эркектер, 10 - аялдар. Алардын ичинен үч талапкердин берген арыздарына ылайык, каттоосу жокко чыгарылды.
2026-жылдын 9-февралынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Бул учурда негизги талап - үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек.
Белгилей кетсек, аталган округдагы кайра шайлоо 1-мартка дайындалган.