Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Сагымбай манасчы көчөсүндөгү муниципалдык жерлерди тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, шаар башчысы Жылуулук электр борборунун тейлөө каналына көпүрө куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле бузулган курулуштардын ордуна каналдын боюнда сейилдөөчү жай түзүлө тургандыгы белгиленди.
Мындан тышкары, текшерүү учурунда мэр "Жасмин" кафесинин ээси менен жолукту. Ишкер өз мүлкүн мамлекетке өткөрүп берүү каалоосу бар экенин билдирди. Бирок шаар башчысы имарат суу коргоо зонасында жайгашкандыктан, аны пайдаланууга мүмкүн эместигин түшүндүрдү.
"Бул курулуштар бузулууга тийиш. Эгерде биз бизнеске бул курулуштар иштебеши керектигин айтсак, анда муниципалитеттин да аларды колдонууга укугу жок. Имарат сууну коргоо зонасында жайгашкан жана учурдагы мыйзамдар аны ишкерлерге да, муниципалитетке да колдонууга тыюу салат", — деп белгиледи мэр.
Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 11 курулуш бузулган, анын ичинде 4 туруктуу имарат, 6 жеңил типтеги курулуш жана гараж бар. Бул объекттер боюнча иштер толугу менен аяктады. Учурда калган төрт курулушта, анын ичинде "Жасмин", "Веранда" кафелеринде жана "Малик" тез тамактануу жайында иштер жүрүп жатат.
Жалпысынан, ушул жылдын биринчи чейрегинде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы 1744 курулушту бузуп, 61 901 чарчы метр муниципалдык жерди бошоткон.