Кадамжайда "Металлург" стадиону жаңыланат

Аймак Загрузка... 26 Июнь 2026 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кадамжай районундагы "Металлург" стадиону капиталдык оңдоодон өтүп, Молдо Нияздын музей комплекси өнүктүрүлөт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Мамыржан Рахимовдун аймакка болгон иш сапары учурунда стадионду капиталдык оңдоо боюнча жеке демөөрчүлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда макулдашуу түзүлдү.

Спорттук жай толугу менен заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирилет. Стадиондун аймагы көрктөндүрүлүп, инфраструктурасы жакшыртылат жана шаар тургундары үчүн заманбап воркаут аянтчалары курулат.

Ошондой эле облус башчысы кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун музей комплексине барды.

"Молдо Нияз мурастары" коомдук фондунун жетекчиси Айтмат Аззамжан уулу акындын мурасы жана музейдин бүгүнкү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.