Эски үйлөр жаңыланат: Кадамжайда 112 батирлүү үй курула баштады

Аймак 437 26 Июнь 2026 11:50
727542530_1553298286163621_2771055967740584432_n.jpg
727543095_1553298309496952_2533398208684352921_n.jpg
728427171_1553298326163617_5549007776797274808_n.jpg
728653114_1553297206163729_4719306959567881556_n.jpg
728937227_1553298236163626_1159550496124794419_n.jpg
729939748_1553298349496948_845959607429813501_n.jpg
729991421_1553298362830280_3471294706367101381_n.jpg
729991423_1553297286163721_546988739029347213_n.jpg
730331577_1553298269496956_8613505231955302367_n.jpg
730653420_1553298169496966_8958493688764845077_n.jpg
731761836_1553298182830298_4150231189413825105_n.jpg
732036196_1553298216163628_5057217882812295313_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кадамжай шаарында президенттин шаарларды өнүктүрүү жана турак жай фондун жаңылоо боюнча тапшырмасынын алкагында реновация программасына расмий түрдө старт берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун алкагында жер титирөөдөн жабыркаган жана эскилиги жеткен үйдүн ордуна коопсуз, бардык шарттары бар заманбап көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды.

Курулуш аянтчасына президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов барып, долбоор менен жеринен таанышты. Жаңы имарат 112 батирден турат. Анда 48 бир бөлмөлүү, 48 эки бөлмөлүү жана 16 үч бөлмөлүү батир каралган. Эски үйдө жашап жаткан 8 үй-бүлөгө курулуш бүткөндөн кийин жаңы имараттан толугу менен заманбап шарттары бар 8 батир акысыз берилери айтылды.

Долбоор жеке курулуш компаниясы тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин бир жылдан ашуун убакытта аяктоо пландалууда.

Белгиленгендей, бул программа эски турак жайларды жаңылоого, шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.