Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин журналисти Кубаныч Жолдошов Кыргыз айыл чарба, илим жана экология журналисттеринин ассоциациясынын вице-президенти болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Кубаныч Жолдошов көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй журналист.
Учурда ал "Кабар" маалымат агенттигинде медиа-эксперт катары ийгиликтүү эмгектенип келет.
КАИЭЖАнын башкармалыгы Кубаныч Жолдошовдун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен аны ассоциациянын айыл чарба журналистикасы багыты боюнча вице-президенти жана башкармалыктын мүчөсү кылып бекитти.