"Кабар" менен "Аlatau Aqparat" кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

Коом Загрузка... 15 Апрель 2025 18:22
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Алматы шаарында Казакстандын "Alatau Aqparat" медиахолдинги менен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Документ боордош эки өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Саамалыкка Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Жеңишбек Асанкулов дагы катышты. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өзгөчө маани берерин жана бул өзүнүн реалдуу натыйжасын берип жатканын белгиледи.

"Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев өз ара мамилелерди бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүнүн зарылдыгын билдирди.

Ал эми "AlatauAqparat" медиахолдингинин башкы директору Ержан Калымбайулы медиа жаатындагы байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Эзелтен бери биздин элдерибиз жанаша жашап келишкен. Ааламдашуу шартында эң жакын коңшуларыбыз жана боордош элибиз менен маалыматтык биримдикти, өз ара түшүнүшүүнү жана колдоону сактоо өзгөчө маанилүү. Биз бири-бирибизден үйрөнө турган көп нерсебиз бар", - деди ал.