“Кабар” Көчмөндөр оюндарын дүйнөгө расмий чагылдыруу статусуна ээ болду

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 13:30
WhatsApp Image 2026-02-10 at 15.49.06.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. “Кабар” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөгө расмий чагылдыруу статусуна ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча мемомарандумга кол коюу учурунда Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев билдирди.

"Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгы жана Маданият министрлиги менен “Кабар” агенттиги медиа өнөктөштүк келишимге кол койду. Келишимдин ичинде агенттик жападан жалгыз эл аралык өнөктөш статусуна ээ болуп жатат. Ал муну менен Кыргызстандын атынан дүйнө жүзүнө көчмөндөр оюндары жана өлкөнүн өзү жөнүндө расмий маалыматтарды бере турган статуска ээ болууда.

Алдыда агенттик медиапланын толук түзүп чыгып, оюндун өтүшүн эле эмес, анын алкагында өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө ачып берүү жана таанытуу боюнча дагы бир катар иштерди жасайт деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө “Кабар” агенттиги кыркка жакын эл аралык статустагы мамлекеттик жана жеке маалымат агенттиктери менен кызматташып, алты тилде - кыргыз, орус, англис, түрк, кытай, араб тилдеринде маалыматтарды таратып келет. Маалыматтарды кайсы өлкөнүн тилине ылайыктуу болсо, ошол тилге салып, текст, видео контент, ролик сыяктуу ар кандай жанрларда жасайт”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга, улуттук маданиятты даңазалоого жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошмокчу.