"Кабар" агенттиги Көчмөндөр оюндарынын расмий эл аралык медиа өнөктөшү болду

Коом 10 февраль 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.45.53 (12).jpeg
518360336_3480527848757056_2200063825547567400_n.jpg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.45.54 (7).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.45.53 (12).jpeg
518360336_3480527848757056_2200063825547567400_n.jpg
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.45.54 (7).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. “Кабар” агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эл аралык медиа өнөктөшү болду. Бул тууралуу аталган масштабдуу иш-чараны чагылдыруу боюнча меморандумга кол коюу учурунда белгилүү болду.

Анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюнду дүйнөгө таанытууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи.

“Биздин максатыбыз аталган оюнду дүйнөгө туура, жакшы тарабынан таанытуу. Ошондуктан, ЖМКлар ага өзүлөрүнүн чоң салымын кошо алышат”,-деди ал.

Ошондой эле Аденов “Кабар” маалымат агенттигин дүйнөлүк ЖМКлар менен кызматташтыгы бар маанилүү медиа өнөктөш катары баалады.

“Биз буга чейинки оюндарда расмий агенттик катары “Кабардан” маалыматтарды алып келгенбиз. Алдыда дагы аны менен иштешүү тууралуу келишимге кол койдук. Ал биздин эл аралык ЖМКлар менен байланышы бар башкы өнөктөшүбүз болмокчу. Ошондой эле биз "Кабардын" бардык эл аралык өнөктөштөрү менен иш алып баралы деп жатабыз”,-деп кошумчалады Аденов.