Бишкек, 18.04.26 /Кабар/. Бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин, УТРК жана ЭлТР телеканалдарынын эмгек жамааты ишембиликке чыкты. Алар биргелешип Байтик айылындагы жашыл аянтты тазалады.
Анын ичинде “Кабар” агенттиги аталган аянтты жана Ала-Арча суусунун жээгин эсептегенде болжол менер 5 гектарга жакын жерди таштандылардан арылтты.