Йога – бул жашоо образы – йога инструктору менен маек

Маек Загрузка... 24 Июнь 2025 12:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Йога биздин заманга чейин эле пайда болгондугуна карабастан, аны майрамдоо кийин эле кирген. 21-июнь күнү дүйнө жүзү боюнча Эл аралык йога күнү белгиленет. Бул күн 2014-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан расмий майрам катары кабыл алынган. Йога күнүн ушул күнү белгилөөнү Индиянын премьер-министри Нарендра Моди сунуштаган, анткени түндүк жарым шарда бул күн – жыл ичиндеги эң узун күн жана дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө өзгөчө мааниге ээ.

Байыркы индиялык практика болгон йоганын философиясы жана эмне үчүн йога ар бир адам үчүн пайдалуу экендиги тууралуу бизге алдыда йога инструктору Тынара Садабаева айтып берет.

— Тынара Турдалиевна, сиз йоганы канча жылдан бери үйрөтүп келесиз?

— Мен йога менен 30 жылдан бери алектенем. Анын 20 жылын — окутуп келем.

— Ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Эмне себептен йога инструктору болууну чечтиңиз эле?

— Мен йогага ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн келгем. 36 жашымда жыгылып, ордумдан тура албай калгам. Жамбаш сөөгүм “жешилип” калып, балдарым мени колуна көтөрүп жүрүшчү. Ошондо мен жашоодогу эң башкы нерсе ден соолук экендигин түшүндүм. Кытайлык адистен ийне менен дарылануу курсун алдым. Ал мага “Эгер физикалык көнүгүүлөр менен машыкпасаң, өмүр бою майып бойдон каласың”,-деди. Ошондон кийин мен йога менен машыгууга кириштим.

2010-жылы Кыргызстанда Улуттук йога федерациясы ачылды. Аны Оксана Потаковская жетектечү. Мен ал кишинин сабактарына барып, өзүмдөгү жакшырууларды байкай баштадым - жакшы уктай баштадым. Ошол өзгөрүүлөрдөн кийин мен йоганы өзүмдүн кесибиме айландырууну чечтим. Өзүм алган билимимди биздин айымдар менен бөлүшкүм келди. Алар да сулуу жана ден соолугу чың болушун кааладым.

— Анын кандай пайдасы бар?

— Йогадан мен алган эң чоң пайда — бул ден соолук. Йогада жасалган ар бир асана (отуруучу поза) бүт организмге — кан тамыр системасына, кан айланууга, муундарга жана ички органдарга да таасирин тийгизет. Ал тургай аң-сезимге да оң таасирин берет. Мындан тышкары, дене жумшактыкты, чыңалууну жана күчтү алат.

— Көп адамдар отуруп иштегендиктен, омурткада грыжа же башка оорулар көп кездешет. Йога буларга канчалык деңгээлде жардам берет?

— Йога грыжа, остеохондроз, протрузия сыяктуу ооруларда абдан пайдалуу. Йогада омуртканы чойгон атайын асаналар бар. Мындан тышкары, ички органдар да иштей баштайт, анткени айрым позаларда органдар кысылып, кайра бошойт — бул алардын иштөөсүнө түрткү берет.

WhatsApp_Image_2025-06-23_at_10.19.06_1.width-800.jpg

— Биздин айымдар үчүн арыктоо да актуалдуу маселе. Йога арыктоого жардам береби?

— Албетте. Бул — салмакты түшүрүүдө күчтүү курал. Анткени айрым асаналар ашказанды кичирейтип, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана бүтүндөй ашказан-ичеги системасына пайдалуу.

— Менин түшүнүгүмдө йога — бул ден соолук гана эмес, энергия дагы?

— Туура! Йога менен машыкканда адам энергияга толот. Мен 67де болсом дагы өзүмдү 30 жаштагыдай сезем, күчүм ашып-ташып турат. Мен таңкы саат 4тө турам, медитация кылам, 5 тибеттик көнүгүү жасайм — алар мага күнү бою энергия берет. Ошондуктан мен бардыгына йога менен машыккыла деп кеңеш берем.

— Сиздин оюңузча, йоганын философиясы эмнеде?

— Бул сезим менен денени бириктирүү. Йога бара-бара жашоо образына айланат. Анын негизги максаты — дене менен аң-сезимдин ортосунда гармонияга жетүү.