JDS программасы: Японияда билим ала турган 19 мамкызматкер тандалды

Коом 13 март 2026 11:45
650316955_944031927998421_4186429792988963897_n.jpg
652484180_944031964665084_3729437591420313693_n.jpg
650311452_944032097998404_2965726559689004730_n.jpg
650330051_944032064665074_2512314208467261317_n.jpg
650404567_944031914665089_447470893801674446_n.jpg
651212987_944032071331740_3818525364893590375_n.jpg
651449834_944031961331751_8576532703259994603_n.jpg
651794791_944032007998413_5504130075226108360_n.jpg
651823333_944032004665080_2567708472134289807_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Бишкекте "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" (JDS) долбоорунун башкаруу комиссиясынын кезектеги отуруму өттү.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда 2025-жылга карата программанын финалисттерин бекитүү маселеси каралды.

Жыйынга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Япониянын элчиси Хирано Рюичи жана JICA`нын өкүлү Нишигата Котаро катышты.

Белгиленгендей, JDS-2025 программасына талапкерлерди тандоо бир нече татаал баскычтан турду:

  • документтерди текшерүү;
  • англис тили жана математика боюнча сынактар;
  • Япон университеттеринин профессорлору менен техникалык маектешүү;
  • башкаруу комиссиясы менен жыйынтыктоочу маек.

Бул жолку тандоодо өлкөнүн аймактарынан келген талапкерлерге өзгөчө көңүл бурулду.

Агенттиктин жетекчилиги белгилегендей, аймактагы адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо мамлекеттик башкаруу тутумун күчөтүүдө стратегиялык мааниге ээ.

Отурумдун соңунда 19 жеңүүчүнү бекитүү чечими кабыл алынды. Эми тиешелүү мамлекеттик органдар адистерди Япониянын алдыңкы университеттерине окууга жөнөтүү үчүн документтерди даярдоого киришет.

Бул программа Кыргызстандын мамлекеттик кызматы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.