Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Юстиция министрлиги министрлер кабинетинин "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документ үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдарга карата электрондук көзөмөл механизмин киргизүүнү караган мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, тартип бузуучуларга карата электрондук жана башка техникалык көзөмөл каражаттары колдонулушу мүмкүн. Алар убактылуу коргоо ордерлеринин аткарылышын, ошондой эле сот тарабынан белгиленген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылууга багытталган.
Долбоордун негизги максаттары:
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- электрондук көзөмөлдүн укуктук механизмин түзүү;
- кайталанган зомбулукту жана куугунтукту болтурбоо;
- укук бузуулардын алдын алуунун санариптик куралдарын киргизүү.
Юстиция министрлиги белгилегендей, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга сотко электрондук көзөмөл менен тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү ченемдер киргизилген. Ошол эле учурда техникалык көзөмөл каражаттарын колдонуунун тартиби жана шарттары министрлер кабинетинин токтому менен аныкталышы керек.
Токтом долбоору менен төмөнкүлөр сунушталууда:
- электрондук көзөмөлдү колдонуу тартибин бекитүү;
- ИИМ менен юстиция органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктоо;
- убактылуу коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тартибин белгилөө;
- санариптик механизмдерди эске алуу менен убактылуу коргоо ордеринин жаңы формасын бекитүү.
Электрондук көзөмөлдү киргизүү тартип бузуучулардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүүгө, жабырлануучулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана мыйзам ченемдеринин иш жүзүндө ишке ашырылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берери белгиленет.
Документ Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлигинин, Пробация департаментинин өкүлдөрүнөн, ошондой эле JUST4ALL эл аралык программасынын эксперттеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.