Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча убактылуу коргоо ордерлерин, тобокелдиктерди баалоо протоколдорун электрондук эсепке алууга жана коргоо ордерлеринин шарттарынын аткарылышын санариптик көзөмөлдөөгө багытталган «Коргоо ордери» жаңы автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук негизде ишке киргизилгенин билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктан жарандарды коргоо жана сактоо боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн модернизациялоого жана санариптештирүүгө багытталган. Бул долбоор үй-бүлөлүк зомбулуктан жарандарды коргоо жана сактоо боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн модернизациялоого жана санариптештирүүгө багытталган.
Буга байланыштуу, министрликте ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Бишкек шаарынын ИИББнын өкүлдөрүнүн, ошондой эле иштеп чыгуучунун - Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» МИнин жана «Кыргыз Республикасында кылмыш-жаза сот адилеттиги жаатындагы маалыматты интеграцияланган башкарууну илгерилетүү» долбоорунун экспертинин катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.
Талкуунун жүрүшүндө тутумду ишке киргизүүнүн акыркы этаптары каралып, Кыргызстандын ички иштер органдарынын пилоттук бөлүмү катары аныкталган Бишкек шаарынын Биринчи май районунун РИИБдин инфраструктурасынын жана өздүк курамынын даярдыгы бааланды.