Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандар көбөйдү – Калбеков

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 18:12
WhatsApp Image 2025-12-11 at 17.18.32.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.

Ал белгилегендей, аталган мекемеде акысыз юридикалык кеңештер берилет. Акыркы мезгилде үй-бүлөлүк укук менен байланышкан кайрылуулар көбөйгөн.

“Декаданын жыйынтыгы боюнча жалпы кайрылуулардын 80%ын үй-бүлөлүк укук менен байланышкан кайрылуулар түзгөн. Бул көрүнүштү жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишениминин өсүшү катары да баалоого болот. Анткени мурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган адамдар көбүнчө абалын жашырып, ачыкка чыгарбагандыгы маалым.

Андыктан, бул маселе учурда дагы актуалдуу бойдон калууда. Биз кайрылган жарандарга кеңеш берип гана тим болбостон, маселени толук чечип берүүгө да аракеттерди жасайбыз. Биздин юристтер мындай окуяларды аныктап, алар менен иштөө боюнча атайын окуулардан өтүшкөн. Келип түшкөн кайрылуунун негизинде комплекстүү чаралар көрүлүп баштайт жана ага тиешелүү мамлекеттик органдар да кошулат”,-деп белгиледи ал.