Италиялык компаниялар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Экономика Загрузка... 10 Март 2026 16:34
WhatsApp Image 2026-03-10 at 12.51.38.jpeg

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу багытында туруктуу иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо процесси Жогорку Кеңеште аяктоодо. Бул документ инвесторлор үчүн пайдалуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Биргелешкен демилгелерди алдыга жылдыруу максатында агенттик макулдашылган долбоорлорду коштоп, италиялык өнөктөштөр менен институттук жана бизнес деңгээлиндеги туруктуу диалогду колдоп келет.

Кыргызстанга келген италиялык "TRITOR" компаниясынын делегациясы менен Улуттук агенттикте Токмок, Каракол, Ош, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жолугушуулар өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар заманбап италиялык технологияларды колдонуу менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Сапардын алкагында италиялык тарапка долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү катары Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы катуу тиричилик калдыктарынын полигондору көрсөтүлдү. Долбоордун алдын ала инвестициялык көлөмү 10–12 млн евро деп бааланууда. Италиялык тарап жер тилкесин 30 жылга чейин узак мөөнөттүү ижарага алууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Чүй облусунун медициналык мекемелеринин бирине медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жабдуулардын болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзөт. Учурда тараптар инвестициялык макулдашууну даярдоо боюнча консультацияларды улантышууда.

Өзгөчө көңүл "Борбор Азия + Италия" форматындагы бизнес-форумду өткөрүү демилгесине да бурулууда. Кыргыз тарап аталган иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү максатында агенттик Италиянын профилдик өнүгүү институттары менен байланыш түзүүнү жана онлайн жолугушууларды өткөрүүнү демилгелөөдө.