Италиядагы кыргыздардын укугу корголот: Элчи бир катар жолугушууларды өткөрдү

Коом 388 02 Июнь 2026 15:10
5115f5d9-abb1-3619-9012-5f7da8b07bed.jpeg
df8cf120-4de9-3f53-996a-9231c976ad8a.jpeg
42d4db25-e0b3-3474-9a60-235d0f9dd056.jpeg
Алдыга
Артка
5115f5d9-abb1-3619-9012-5f7da8b07bed.jpeg
df8cf120-4de9-3f53-996a-9231c976ad8a.jpeg
42d4db25-e0b3-3474-9a60-235d0f9dd056.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Эрмек Өмүралиев Сардиния аймагына иш сапары менен барды.

ТИМден билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө элчи Кальяри шаарынын мэри Массимо Дзедда, Сардиниянын префекти Паола Десси жана аймактык өкмөттүн аткаруучу катчысы Клаудио Кугуси менен жолукту.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, туризм, айыл чарба, инвестиция жана маданий-гуманитардык багыттардагы кызматташтыктын потенциалын талкуулашты.

Элчи ошондой эле Сардиниянын полиция башчысы Розанна Лавеццаро менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү, кыргыз жарандарынын аймакта болуу шарттары жана алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Иш сапардын аягында Сардиния аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда консулдук кызматтарга, кыргыз жарандарынын Италияда болуусуна байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланган.