Испаниялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курууга кызыкдар

Коом 572 17 Февраль 2026 14:03
636728325_1208936968094886_8334457388639051725_n.jpg
635082890_1208937084761541_3736023069683666695_n.jpg
635129949_1208937184761531_7147421071255265785_n.jpg
636678427_1208937131428203_8291408050606132167_n.jpg
637463033_1208937248094858_4069193133821961573_n.jpg
Алдыга
Артка
636728325_1208936968094886_8334457388639051725_n.jpg
635082890_1208937084761541_3736023069683666695_n.jpg
635129949_1208937184761531_7147421071255265785_n.jpg
636678427_1208937131428203_8291408050606132167_n.jpg
637463033_1208937248094858_4069193133821961573_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Күн мурун Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте испаниялык Solartec World Company S.L. компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймагында тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдүн комбинатын куруу маселелери каралды.

Өзгөчө кайра жаралуучу энергия булактары тармагына заманбап технологияларды киргизүү, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана курулуш материалдарын өндүрүүнү локалдаштыруу маселелери талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн технологиялык чечимдерин тааныштырып, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын, анын ичинде техникалык параметрлерди иштеп чыгууну, объектилерди жайгаштыруу үчүн аянттарды аныктоо жана инвестициялык келишимдин долбоорун даярдоону баштоо маселелерине токтолушту.