Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Исландиянын тышкы иштер министри Торгердур Катрин Гуннарсдоттир менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын алкагында орун алды.
Тараптар кыргыз-исланд эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү келечегин талкуулашып, соода, финансы, климаттык демилгелер, "жашыл" энергетика, билим берүү жана инвестициялар жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту.
Жээнбек Кулубаев исланд тарапты 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өткөрүлө турган экинчи Глобалдык тоо саммити «Бишкек+25» иш-чарасына катышууга чакырды. Торгердур Катрин Гуннарсдоттир аталган иш-чараларга чоң кызыгуу билдирип, кызматташтык сунуштарын кылдаттык менен карап чыгууга даяр экенин тастыктады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ачык диалогду улантууга, кыргыз-исланд мамилелерин чыңдоого берилгендиктерин ырасташты. Ошондой эле саясий консультацияларды уюштуруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишишти.