Ислам принциптеринин каржылоосу кадимки насыядан эмнеси менен айырмаланат?

Экономика Загрузка... 20 Октябрь 2025 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Коомчулукта ислам принциптери аркылуу каржылык колдоолорду алууга кызыккандар жок эмес. Бул ирет биз Улуттук банктан ислам принциптерин колдонуу менен иш жүргүзгөн банктар жана микрокредиттик компаниялар, насыялоо менен шарият талаптарына ылайык каржылоонун айырмачылыктары тууралуу сурадык.

415741592207665_big.jpg

Кыргызстанда ислам принциптери менен насыяларды берүү качан башталган?

Өлкөдө ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана “ЭкоБанк” ачык акционердик коому ортосунда "Кыргызстанда ислам банк иши жана каржылоону жайылтуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө" меморандумдун алкагында 2006-жылы ишке ашырыла баштаган. 2009-жылы “Улуттук банк”, “Банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдарга толуктоолор киргизилген, бул толуктоолор бардык коммерциялык банктарга ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүүгө шарт түзгөн. Жогоруда аталган мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк тарабынан ислам банктарынын жана “ислам терезесине” ээ банктардын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган.

IMG_0573-large-webp.webp

Азыр канча банк жана микрокредиттик уюмдар ислам принциптери менен иштеп келет?

Бүгүнкү күндө ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды бир толук ислам банкы, “ислам терезеси” менен 5 банк, 11 банк эмес финансы-кредит уюм (6 микрокредиттик компания, 1 кредиттик союз жана ислам терезесине ээ 3 микрокредиттик компания жана 1 микрокредиттик агенттик) иш алып барат.

Ислам принциптеринин каржылоосу кадимки насыядан эмнеси менен айырмаланат?

Ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардын шарият стандарттарына ылайык ишке ашырылышы алардын өзгөчөлүгү болуп саналат. Шарият стандарттары деп ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү зарыл.

Ипотека-по-исламским-принципам-–-Как-взять-дом-по-нормам-Шариата-large-webp.webp

Ислам банкингинин өзгөчөлүктөрүнүн бири мында акча сатуу предмети эмес, алмашуу жана наркты өлчөө каражаты катары саналат. Мында банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн предмети катары чыныгы товар эсептелет. Бүгүнкү күндө финансы-кредит уюмдары мурабаха келешиминин негизинде операцияларды жүргүзүп келет. Ошондой эле тараптар ортосунда тобокелдиктерди моюнга алган өнөктөштүк мамилеси боюнча кызмат көрсөтүүлөр дагы бар. Мына ушул негизги жана башка өзгөчөлүктөр шарият стандарттарына ылайык бүтүмдөрдүн негизи болуп киргизилген.

Белгилей кетсек, “Кабар” агенттигинин буга чейинки шарият талаптарына ылайык каржылоо тууралуу материалын бул жерден окуй аласыз.