Искра айылындагы таштанды элдин ден соолугуна коркунуч жаратууда – депутат

Коом Загрузка... 04 Март 2026 13:25
p1010608.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Чүй облусунун Искра айылында таштанды полигонуна байланыштуу маселе курч бойдон калууда, - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Саккараев.

Анын айтымында, документтерге ылайык, полигондун аянты 2,9 гектарды түзөт.

"Полигон 99 пайызга толду. Анын ресурсу иш жүзүндө түгөндү. Жайгашкан жери кошумча коркунуч жаратууда. Шамал соккон тарапта жайгашкандыктан, өрт чыккан учурда от өтө тез жайылып кетет. Кызматтар көбүнчө өрттү ыкчам чектөөгө жетишпей калышат. Бул экологияга жана тургундардын ден соолугуна түз коркунуч келтирүүдө", — деди ал.

Депутат ал жерге таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курууну же заманбап полигон салууну сунуштады. Бирок, бул үчүн кеминде 5 гектар жер керектигин кошумчалады.