Ишкерлердин эсине! Россия импортту көзөмөлдөө боюнча жаңы тартип киргизет

Экономика Загрузка... 28 Май 2026 16:15
437338.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Россияда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан импорттолгон товарларды коштоонун жаңы механизмдерин караган Улуттук товарларды күтүүнүн ырастоо системасы (СПОТ) тесттик режимде иштей баштайт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын март айынан бери ата мекендик ишкерлерге, экспорттоочуларга жана бизнес-коомчулукка аталган СПОТ тутумунун киргизилиши, анын иштөө өзгөчөлүктөрү жана мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берилүүдө.

Бул багытта министрлик тарабынан тармактык ассоциациялардын, кластерлердин, экспорттоочулардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин катышуусунда атайын жыйындар, кеңешмелер өткөрүлүп, маалыматтык материалдар өз убагында жөнөтүлүп жатат.

Ошондой эле СПОТ тутумун практикалык колдонууда кыргызстандык экспорттоочулардын иштөө тартибин жеңилдетүү, тесттик режимде өз ара аракеттенүү механизмдерин тактоо боюнча орус тарап менен тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Россия Федерациясынын аймагына өзгөчө тез бузулуучу айыл чарба продукцияларын эч кандай тоскоолдуксуз жана кечигүүсүз экспорттоону камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.