Ири ГЭСтерде күз-кыш мезгилине даярдык активдүү жүрүүдө

Коом 13 Май 2026 12:00
698583041_966388835986092_5387682784082497490_n.jpg
6bd2183201676a883a968dade11fe778.jpg
sham2.jpg
531610207_18073230194476120_6680443268637976849_n-1.jpeg
698445521_966388945986081_5197150428481107823_n.jpg
698658755_966388889319420_6229901761637511558_n.jpg
697317308_966388872652755_7573545281724478596_n.jpg
698593568_966388769319432_2802657824487683784_n.jpg
696936618_966388742652768_7203993084362094955_n.jpg
697244849_966388655986110_4573553071452746705_n.jpg
698572853_966389012652741_39795771153847080_n.jpg
698360113_966388689319440_6375770755822733079_n.jpg
698583041_966388835986092_5387682784082497490_n.jpg
699010824_966388702652772_1300910351052109996_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Өлкөдөгү ири ГЭСтерде күз-кыш мезгилине даярдык активдүү уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Күрп-сай гидроэлектр станцияларында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Таш-Көмүр ГЭСинде №3 гидроагрегатты, күч трансформаторлорун жана жогорку чыңалуудагы жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана коммутациялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү аткарылууда.

Шамалды-Сай ГЭСинде №1 трансформаторду жана жогорку чыңалуудагы өчүргүчтү пландуу оңдоо иштери уланууда.

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарга параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Комплекстүү модернизациянын натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу ырааттуу түрдө өсүп жатат.

Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинде №3 гидроагрегатка, жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөргө, ажыраткычтарга жана 110 кВ “Кызыл-Рават-1” электр берүү линиясындагы жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүлүүдө.

Ал эми Күрпсай ГЭСинде кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформаторлор заманбап жана кубаттуулугу 125 000 кВА болгон автотрансформаторлорго алмаштырылууда.

Мындан тышкары Күрп-Сай ГЭСинде көмөкчордондогу жабдууларды комплекстүү жаңылоо алкагында жогорку чыңалуудагы ажыраткычты оңдоо иштери жүрүүдө.