Иранда порттогу жарылууда каза тапкандардын саны 40ка жетти

Дүйнө Загрузка... 28 Апрель 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Ирандагы Шахид-Ражаи портундагы жарылууда каза тапкандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Коммерсант гезити Mehr агенттигине таянып кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, кырсыкта 40 киши көз жумуп, дагы 900дөн ашык адам жаракат алды.

Ошондой эле жарылуунун кесепетинен бир катар имараттар жабыркады.

26-апрелде болгон жарылуунун азырынча себептери айтыла элек. ЖМКлардын маалыматтарына караганда, кырсык ракетанын күйүүчү отунуна керектеле турган заттар туура эмес сакталгандан келип чыгышы мүмкүн.

Күн мурун президент Садыр Жапаров деңиз портундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.