Ирандан бир кыргызстандык Азербайжанга эвакуацияланды

Коом 4 март 2026 15:46
Ирандан бир кыргызстандык Азербайжанга эвакуацияланды

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Учурда Иранда Кыргызстандын 100 жараны бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эвакуациялоо өтүнүчү менен бир гана жаран кайрылган.

"Россия тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аны Азербайжанга эвакуациялоого мүмкүн болду", — деп белгиледи министрдин орун басары.