Иран Кыргызстанга Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады

Саясат 1615 12 Февраль 2025 16:32
6040f716c2a3e7159544.jpg
476293569_934867978821949_2044552674756156832_n.jpg
479493437_934867975488616_3002900421907912687_n.jpg
Алдыга
Артка
6040f716c2a3e7159544.jpg
476293569_934867978821949_2044552674756156832_n.jpg
479493437_934867975488616_3002900421907912687_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек,12.02.25./Кабар/. Иран Кыргызстанга Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады. Мындай сунушту өлкөнүн жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Фарзане Садег Мальваджерд Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугушууда айтты.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда транспорт жаатындагы маселелер талкууланды. Министр Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуулар эки тараптуу келишимдин негизинде аткарылып жатканын жана тынчсыздана турган көйгөйлөр жок экенин белгиледи.

Ал эми министр Фарзане Садег Мальваджерд эки тараптын транспорт министрликтеринин ортосундагы Биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүүнү, Ирандын Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады.

Министр Абсаттар Сыргабаев Ирандын Перс булуңундагы портторун колдонуу боюнча сунуш киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып жаткандыгын айтты.