Ипотекалык үйлөргө айтылган дооматтар чындыкка дал келбейт

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 21:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Ипотекалык үйлөргө карата айтылган дооматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда "Ынтымак" конушундагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча жалган айыптоолор айтылган видео тараган. Көп өтпөй УКМК аталган видеонун авторун жалган маалымат таратканы үчүн кармады.

Компаниядан белгилешкендей, видеодо айтылган дооматтар мамлекеттик долбоорду каралоо максатын көздөгөн.

"Курулуш объектиси толугу менен мамлекеттик көзөмөлдө турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштеринин сапаты жогору экени тастыкталды: бетондун бышыктыгы 96%дан жогору экендиги лабораториялык жол менен аныкталды.

Айрым терезелердин демонтаждалышы жана кайра орнотулушу бул кемчилик эмес, бекитилген долбоордук өзгөртүүлөргө байланышкан техникалык иштер", - деп белгилешти компаниядан.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды текшерилбеген видеолорду таратпоого чакырып, мындай материалдар провокация жаратып, коомду адаштырат деп эсептейт.

"Каалаган адам объектке келип, курулуштун сапатына жеке өзү ынанса болот", - деп кошумчалашты МИКтен.