Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында 1080 үй-бүлөгө көптөн күткөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлери тапшырылды. Жаңы батирлерди борбор калаанын тургундары жана көп жылдар бою кезекте туруп келген эмгек мигранттары алышты.
Бишкек тургуну Чынара Миңбаева төмөндөгүчө кубанычы менен тең бөлүштү:
“Мен социалдык категориянын негизинде 2,5 жыл кезек күттүм. Бүгүн батиримдин ачкычын президент Садыр Жапаровдун колунан алдым. Азыр ресторанда иштейм. Кезекке туруп жатканда “Орто-Сай” базарында иштечүмүн. Бир кызым бар болгондуктан, мага 51 чарчы метрлик бир бөлмөлүү батир берилди”, - деди ал.

Ошондой эле 20 жыл Москвада эмгек мигранты болуп келген Каншайым Нурматова да 1,5 жыл кезекте туруп, бүгүн батирин алды.

“Менин төрт балам бар. Батирлерди тапшыруу аземине катышуу үчүн түндө Москвадан учуп келдим. Абдан кубанып жатам”, - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Долбоордун алкагында 39 блоктон турган жалпы 4 754 батирди камтыган турак жай комплекси курулууда.