Ипотека. Мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү каралат

Коом Загрузка... 06 Январь 2026 20:45
ipot-5.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.01.26 /Кабар/. Ипотекалык батир алууда мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү карала тургандыгын өлкө башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде белгиледи.

Ошондой эле президенттин айтымында, батирлер өздүк наркында бериле турган болсо компания бат эле банкрот болушу ыктымал.

“Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.

Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат.

Ошого карабастан, мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзанырак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз”,-деди Жапаров.