Облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүүнүн жаңы тартиби бекитилди

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Март 2026 16:26
ынтымак-Ордо.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргызстанда облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Чечимдин максаты - облигацияларды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу тартибин белгилөө, аларды жүгүртүүдө пайда болгон мамилелерди бирдей жөнгө салууну камсыз кылуу, инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жобо менен толук таанышуу үчүн көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу кирсеңиздер болот.